Элдик репортер: Таштанды жайга айланган канал
Новость

“Элдик репортер” рубрикасына келген маалыматтардын көбү таштанды маселесине байланыштуу болууда. Марлен аттуу окурман Ак-Босого жаңы конушунун жанынан өткөн каналга ташталган таштандыларды тартып жөнөткөн. Ал эми бул сууга жайкы мезгилде жаш балдар түшүшөт. Бир эле өкмөттү же мэрияны күнөлөбөй шаар тургундары дагы тазалыкты сактаса, анткени буларды ошол эле аймактагы шаар тургундары таштап, каналды таштандыга толтуруп жатышат деген пикирин калтырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.