POST1RIGHT
Кыргызстандын армиясы бир жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде 17 сапка жогорулаганын "Global Firepower" аналитикалык компаниясынын расмий сайтында жарыяланды. Былтыр республика 127 өлкөнүн ичинен 108-орунду ээлеген. Быйыл күчтүү жүз армиянын катарына кирип, тизменин 91-сабына илинди. Отчеттун түзүүчүлөрү кыргыз армиясында 150 танк, 438 БТР, 159 артиллерия бирдиги, 21 ракета учуруучу түзүлүш бар экенин жазган.
Мындан тышкары, алты тик учактын ичинен экөөсү аскердик экени белгиленген. Тизменин сап башында АКШ, Россия жана Кытай турат. 136 мамлекеттин аскердик дарамети 55 көрсөткүчтүн негизинде аныкталган. Эң башкысы — аскерлердин саны, географиялык абалы, резерви, мамлекеттин курал-жаракка жумшалган каражатынын көлөмү, кургакта, сууда жана абада согуштук аракеттерди жүргүзүү үчүн техниканын саны болгон.