"Элдик репортер" рубрикасына Бишкек шаарынын тургуну Жыпар деген окурманыбыз, борбор калаадагы тактада кыргыз тилинде ката жазылган жазууларды тартып жөнөткөн. Бул эки тактанын сүрөтүн эки жыл мурун тартып алып, бул жөнүндө "Кыргыз радиосуна" чалган элем. Ошондон бери эки жыл туруп, эми төмөндөгүдөй болуп калыптыр. Касым Тыныстановду биздин тилибизге чоң эмгек жасаган инсан экенин баары билет. Ал эми көк тактада жазылган боюнча Тыныстанова атындагы көчө болуп турат. Экинчисинде Тыныстанова көчөсу болуп турат. Ошол экинчисин көчүрүп коюшуптур көктүн ордуна.
Мындайлар өтө көп, мисалы Пишпекте Осмонова деген көчө бар. Бул чын эле кайсы бир Осмонованын атына коюлганбы же Алыкул Осмоновдун атына коюлганбы? Эмне үчүн биздин эл өз тилине ушунчалык кайдыгер?
Бул ЖЭБ дин жанындагы Глобус дүкөнүндө илинип турган дүкөндүн иштөөсү тууралуу маалымат тактасы. Мында Вторник - Шейшемби экенин билишпейт экен. Бул дүкөндүн башчысын чакырып айтсам ,(атын унутуп калдым, Айгүл беле) оңдоп коёбуз деген, андан бери бир айдай убакыт өттү, дагы эле ошол бойдон. Кыргыз тили абдан кор болуп жатат, ыйлагым келди чынын айтсам.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.