Элдик репортер: Ала-Тоо конушунун тургундары айлана-тегерегин таштандылардан тазалашты
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ленин районуна караштуу Ала-Тоо конушунун тургуну видео сүрөттөрдү жөнөткөн.

Ала-Тоо жаңы конушунда үй комитетинин башчысынын демилгеси менен ар бир үйдөн бирден киши чыгып борбордук көчөнүн айлана тегерегин тазалашты. Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу бул жаңы конуш тазалык ишканасы тарабынан тейленбегендиктен жашоочулар өз күчү менен жолду тазалашты. Жаңы конуштарды өзүбүз жашаган аймакты тазалап өзүбүзгө өзүбүз шарт түзөлү деген чакырык менен тазалык флешмобун узатабыз,- дейт билдирүүсүндө.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.