Элдик репортёрго Бишкектин чет жагында жайгашкан Калыс-Ордо конушунун жараны кайрылды. Ал жиберген видео менен тексти өзгөртүүсүз беребиз.
Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаңы конушунда былтыр ноябрдын аягында жерди казып кетишкен. Тратуар салабыз деп ошол бойдон жатат. Айыл өкмөткө кайрылганбыз. Жыйынтык жок! Элибиз баткактан ылайдан тажап кетти. Ушул маселени чечкенге Элдик репортёрго кайрылдык.