Окурман, Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мектептин жанында жайгашкан жер өтмөктүн учурдагы көрүнүшүн видеого тартып жөнөткөн. Анда окуучулар жер өтмөктүн ичи караңгы жана тазаланбай сасык жыты болгондуктан, айласыздан жолду кесип өтүүгө туура келерин, бирок мындай жагдай акыркы учурда жол кырсыгы көп катталып жаткандыктан, окуучулар үчүн кооптуу экендигин билдирген.