Жалал-Абад областынын Ноокен районуна караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундары жаңы салынган көпүрөнүн сапатына нааразы. Бул тууралуу Элдик репортёрго кабарлашты.
"Бул көпүрөгө 4 жылдын жүзү болду. Суу катту келгенде ортосу ийилип түшөйүн деп калды. Эптеп темир менен тиреп койгон. Курулушту туура эмес алып баргандыктан ушул абалга туш болду. Ушунча жылдан бери эми көпүрөлүү болдук дегенде, көпүрө араң эле турат. Көбүрөк суу келгенде жөн эле алып кетет" - тургун.

