Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-Алма айылында Төлөгөн Кубатбеков атындагы №44 орто мектептин кулап калуу коркунучунда тургандыгын "Элдик репортер" рубрикасына жөнөткөн окурман билдирет.
2014-жылы жаңы мектеп курулат деп, тендер жарыялашкан. Айыл тургундарына 2017-жылдын 1-сентябрына чейин ишке кирет деп үмүттөндүрүп коюшуп, бирок ал дагы деле бүтө элек. Жаңы мектеп курулуп бүткүчө, эскиси урап калабы деп коркуп жүрөбүз. Анткени, кар 2 метрге чейин түшүп, кыш мезгили 6 айга чейин созулат, - дейт ал айыл тургундарынан атынан жиберген маалыматында.


