Новопавловка айыл аймагында калкты камсыздоо иштери башталып, көчөлөрүнө газ трубалары орнотулуп жатат. Айыл тургундарын бул нерсе бир жагынан кубандырса, экинчи жагынан убайымга салууда. "Элдик репортер" рубрикасына маалымат жөнөткөн окурман, төмөндөгүлөрдү билдирген:
Биздин көчөгө газ трубалары коюлуп жатканы албетте кубандырууда. Бирок эптеп озүбүз оңдоп-тузөп шагыл төшөп алган жолубузду кайра оңдоп беребиз деген бойдон кайра кайрылып келишкен жок. Азыр, өзгөчө жаандан кийин унаа эмес, өзүбүз араң басып калдык. Мындай жагдайга да көңүл буруп, шаардык мэрия оң тарабына чейип берсе.

