Элдик репортер: Соляркасы жок токтоп калган жол куруу иштери
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ош-Баткен жолундагы 104-105 км деги кейиштүү абал жөнүндө видео келген. Видеодо жол оңдоо иштеринин башталгандыгына үч ай болгон бирок азыркы учурда, окурмандын айтуусу боюнча, солярканын жоктугуна байланыштуу жол оңдоо иштери токтоп турганы айтылган. Ошол себептен чаң, топо асманга көтөрүлүп жаткандыгы жана курулуш ишканасы түрк компаниясына тиешелүү экендиги маалымдалат.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.