"Элдик репортер" аркылуу көрсөтүлгөн кооптуу көпүрө оңдолду
Новость

19-апрелде "Элдик репортер" рубрикасына окуучулар күндө мектепке басып өткөн көпүрө чет-четинен урап, кооптуулук жаралып жаткандыгы жөнүндө маалымат бергенбиз. Көпүрө Талас облусуна караштуу Манас районунун Май айылында жайгашкан. 

Ушул маалыматты жөнөткөн окурман, "Ала-Тоо 24" каналынын эфиринен көрсөтүлгөндөн кийин эле көпүрөнү оңдоп беришти деген сүйүнүчтүү кабары менен бөлүштү.