Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы башталды
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандыктардын 96 пайызы балдарды эмдөө зарыл деп эсептешет. Мындай көрсөткүч атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.Бирок, көпчүлүк жарандар баланы качан эмдеш керектигин жана вакциналар кайсы оорулардан коргой тургандыгын жакшы билишпейт. 

POST1RIGHT

Эмдөөгө келген бала оорулуу болбошу керек. Бул - башкы талап. Антпесе, ар кандай күтүүсүз реакциялар жүрүп кетиши ыктымал.  Адистердин айтымында, эмдөө - бул айрым жугуштуу оорулардын алдын алып, алар менен күрөшүүдөгү натыйжалуу чара. 


Кыргызстандыктардын 96 пайызы балдарды эмдөө зарыл деп эсептешет. Мындай көрсөткүч атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.

Бирок, көпчүлүк жарандар баланы качан эмдеш керектигин жана вакциналар кайсы оорулардан коргой тургандыгын жакшы билишпейт. Айрым ата-энелер эмдөөдөн кийин күтүүсүз реакциялар болуп кетет деп, андан баш тарткандыктарын айтышкан.