"Элдик репортер" рубрикасына Өзгөн районунун тургуну өрт коопсуздугу жөнүндө видео жиберген. Видеодо Өзгөн базарында өрт коопсуздугун алдын алуу максатында жүргүзүлгөн окуу тартылган. Кооптондурган нерсе, өрт өчүрүүчү унаа өрт болуп жаткан жерге, тагыраак айтканда, окуу болуп жаткан жерге бир жарым саатта араң кирди. Буга себеп башаламан жайгашып алган жолдогу сатуучулар күнөөлүү экени талашсыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.