Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айылынын токой жээгинде аккан Түп суусу катуу кирип жаткандыктан, тургундар кооптонуп жатышат. Анткени былтыр бир кашарды үйү менен алып кеткен.
Ал эми быйыл суунун кириши андан да катуу. Айыл тургундары үйлөрүн, үлүш жерлерин, жайыттарын сактап калуунун аракетинде колунан келгенин жасап жатышат. Бирок техникасыз болчудай эмес. Окурмандын жиберген маалыматында айыл өкмөтү жардам берип жатат. Бирок техникасынын алы жетпей калууда. Бар болгон үмүтүбүз ӨКМнин райондук кызматтарында.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.