"Элдик репортер" рубрикасына Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын тургуну саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөр жөнүндө видео жиберген. Окурмандын билдирүүсү боюнча, шаардык үй-бүлөлүк дарылоо борборлорунун биринде кабыл алуу убактысы 17:00 чейин экендигине карабастан, дарыгерлер 12:00 чейин гана кабыл алышат жана ошондой эле мамлекетке караштуу болгондугуна карабастан, кызматтар акысыз болбой келүүдө.
Чоңдорду да, кичинесин да бир эле врач-терапевт карайт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.