Элдик репортер: Көлмө конушундагы жол жыл айланбай бузула баштаган
Новость

Көлмө конушунун тургундарынан атынан келген маалыматта, жыл айланбай бузулуп, чөгө баштаган жолдун сүрөттөрү жөнөтүлгөн. Алардын айтуусунда былтыр конушка бала бакча салынгандыктан, Теңдик көчөсү оңдоодон өткөн. 

Бирок сапатсыз салынган жол жыл айланбай бузулуп, айрым жерлери чөгө баштаган. Жол салынып жатканда мэрия тараптан  эч кандай көзөмөл болгон эмес. Бала бакчанын жанына тиешелүү белгилер да коюлган жок-, деген нааразычылыктарын билдиришкен. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.