"Элдик репортер" рубрикасына бул жолу дагы бир кооптуу көпүрөнүн сүрөттөрү келди. Окурмандын берген маалыматында Жумгал районундагы Чаек айылынын башында жайгашкан Кара-Кече көмүр кенине кетчү жолдогу Орто-Кууганды суусунун көпүрөсү араң эле турат.
Улам тешиктери көбөйүп, кулап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айтылганы менен эч кандай чара көрүлөр эмес дейт.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.