Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Бельгиядагы жардырууларды уюштурганын моюнга алды. Азыр полиция жардырууларга шектүү үч адамдын тек-жайын аныктап, издеп жатканын кабарлады.
Кечээ болгон жардыруудан 30дан ашык адамдын өмүрү кыйылып, 200 киши жарат алган. Бельгияда үч күндүк аза күтүү жарыяланып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Теманы Замира Нусубалиева улантат: