"Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген окурманыбыз, Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө оор жүк ташуучу унаалар, унаа токточуу жай уюштуруп алышкан. Кесилиш көчөлөрдөн чыккан адамдарга жолдогу өтүп бара жаткан автоунаалар көрүнбөйт. Айрыкча мектеп окуучуларына кооптуу болуп жатат. Өз билимдик кылып туруп алышкан.
Алардын унаа токточуу жайы жок, 3-4 жылдан бери турушат. Кардарлар ошол жолдун боюнан тапшырык кылып алып кетишет. Чара көргөн эч ким жок. Жашаган элге эле ыңгайсыздык жаратып, окуучуларга, автоунааларга кооптуулук туудурууда. Жеке менчик оор жүк ташуучу унаалар эч кандай фирмадан эмес. Маселени чечүү жолу аларга унаа токточуу жай уюштуруп берүү эле дейт,- кайрылуусунда.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.