Жалал-Абад облусунун тургуну Лейла Калыбекова 3 айлык кезинен бери "кекиртектин папиллома" дарты менен алпурушуп келет. Кыргызстанда ооруну толук айыктыруу мүмкүн болбогондуктан кызды Түштүк Кореяга алып барып операция жасатуу керек.
Коомдук биринчи каналдын “Элим барсыңбы?” фонду менен биргелешкен “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук долбоору кайдыгер эмес жарандарды Лейлага көмөк көрсөтүүгө чакырат.
POST1RIGHT
3 жаштагы Лейла жан сыздаткан оорууга кайраттуулук менен чыдап келет. Жайдары кыз сүрөт тартканды, бийлегенди, ырдаганды жакшы көрөт. Бирок катуу үн чыгарса, тамагы чыдатпай оорутат.
Лейла 3 айында добушун жоготкон, азыр ал шыбырап гана сүйлөйт. Башында дарыгерлер кыздын дартын аныктай алышкан эмес. Кийинчерээк "кекиртектин папилломасы" деп диагноз коюлган. Мындай учурда адам түтүкчөсүз өз алдынча дем ала албайт.
Лейла, апасы, атасы жакындарынын колдоосу менен кыйынчылыктарга чыдап, аны жеңүүгө аракет кылып келет. Сейрек кездешкен дартты Кыргызстанда айыктыруу мүмкүн эмес. Түштүк Кореяда 58 миң долларга операция жасоого болот. Бирок бир канча жылдан бери оору менен күрөшүп келе жаткан Лейланын ата-энесинде мынча каражат жок.
Лейланын тагдырына кайдыгер эмес кыргызстандыктар 0772 00 -20-15 номерине Эл сом аркылуу каражат которушса болот. Акча которуу боюнча кенен маалыматты каалоочулар элимбар.кж сайтынан ала алышат.