Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Сырт айылынын тургуну Дайыров Улукбек "Элдик репортер" рубрикасына айыл жергесинде демилгечил жаштардын аткарган жумуштары менен бөлүшкөн.
2018-жылдын башынан бери биздин демилгечил жаштарыбыз жана 10 жылдык, 20 жылдыкты белгилөөчү бүтүрүүчүлөр айыл тургундарын кубандырып, көп жакшы нерселерди жасап жатышат. Айылыбыздын көчөлөрүнө бак тигип, жолдорду кеңейтип, жарыктандыруу иштери жүргүзүлүудө. Булардын бардыгы алардын жеке каражаттарынан камсыз болууда.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.