Элдик репортер: 3 айыл каттаган жол суу алып кетүү коркунучунда турат
Новость

Жалал-Абад облусунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу  Сарыбулак, Карабулак, Орток айылдарынын тургундары каттаган жолду суу алып кетүү коркунучунда турат. 

Бул жолду бир жагынан  улам суу алып атса, бир жагынан жер көчкү түшүп кысып жатат. Эгерде тишелүү жактан кандайдыр бир чара көрүлбөсө, жакында жол толугу менен суу алдында калат,- деп кооптонгон айыл тургуну.