Элдик репортер: Айыл тургундары саздуу жерден суу ичүүгө аргасыз болууда
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ош облусунун Араван районунун Тоо-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Эсенбай айылынын тургуну таза суу маселеси боюнча видео жиберген. Видеодо тартылган саздагы сууну айыл тургундары үй ишине гана эмес тамак-ашка да колдонууга аргасыз болууда. Айыл тургундары бул сазга сууну арыктан толтуруп коюп турушат. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.