Майлуу-Суу шаарынын тургундары таза сууга суусап турганын бул видеого бир көз чаптырган адам дароо түшүнөт. Мына бул ылай суу келүүчү түтүктөр менен агып келип, ажатканын суу агызуучу жайына келип топтолгонун автор айтууда. Бул сыяктуу кайрылууну буга чейин да Майлуу-Суу шаарынын тургуну Элдик репортёрго жөнөткөн эле. Ага эч кандай шаардык мэрия тарабынан маани берилбегенине мына бул видео далил.