Элдик репортер: Маданият үйүнө суусаган Талды-Суулуктар
Новость

Эң биринчиден элдин маданиятын көтөрүүбүз керек. Жан дүйнө жарды болуп турса, башка нерселерди алдыга жылдыруу да кыйын деген айыл тургуну төмөндөгүдөй маселеси менен кайрылган.

Нарын облусунун Талды-Суу айылында Совет мезгилинде курулган маданият үйү  2000-жылга чейин Өзгөрүш, Талды-Суу, 1-Май айылдарын тейлеп келген. Бирок союз тараганы маданият тармагына жакшы көңүл бурулбай, клубдун оңдоп-түзөө иштерине акча каражат  каралбай калган. Учурда иштөөдөн чыгып, урап калган имарат же кайра курулбай же оңдолбой ошол бойдон жатат. Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок. Азыркы убакка чейин алышып келебиз. Элибиз маданияттан артта калып баратат. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.