Элдик репортер: Таштандыдан арылбаган Караколдун борбордук базары
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынын тегерегиде мөмө-жемиштердин калдыктары ыргытылып, арткы жагында тамактануучу жайлар, майда дүң дүкөндөр жайгашкан, бул жактан учуп чыккан чымын-чиркейлер жана жагымсыз жыттар элге ар кандай ооруларды жуктуруусу толук мүмкүн. 

Сиздер аркылуу көрүп балким "Ак Тилек" базардын жетекчилери иш-чара көрүшөөр бекен деген үмүтүбүз бар. Ушул эле базардын күн батыш жагында ажаткана жайгашкан ал жердин көрүнүшүда бул жерден кем калбайт дейт,- "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган окурманыбыз.Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.