Борбор калаанын Жибек-Жол менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуардан жамгырдан кийин адам басууга мүмкүн болбой калат.
Анткени жамгыр менен бирге арыктагы суу топтолуп, ары кетпей же нары кетпей тротуардын үстү чоң көлмөгө айланат. Жөө адамдар жолдун аркы бетине айланып өтүп, жөө сызыктан эмес кооптуу жерден өтүүгө туура келет.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.