"Элдик репортер" рубрикасына Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну таза суу көйгөйүн чагылдырган видео жиберген. Видеодо тартылган суу түтүгүнөн келген сууну күнүмдүк турмушта колдонууга мүмкүн эмес. Абдан кир. Окурмандын айтуусу боюнча авто унаасы барлар таза сууну кошуна айылдардан алып келип алышат, ал эми мүмкүнчүлүгү жоктор ушул кир сууну колдонууга аргасыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.