Шаарыбыздын эң көйгөйлүү маселелеринин бири унаа жуучу жайлар алдындагы тротуарларды да колдонуусу болсо керек. Бүгүн дагы шаар тургуну ушул мыйзамсыз колдонулган тротуар жөнүндө "Элдик репортер" рубрикасына сүрөттөрдү жиберген. Сүрөттөгү унаа жуучу жай М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургиянын маңдайында 3-Линия 33 дарегинде жайгашкан.
Бул унаа жуучу жайлардын кылыгы абдан ыңгайсыздык жаратаары айтпасак дагы белгилүү. Келген унааларга токтотуучу жай кылгандары аз келгенсип, көбү тротуарларда эле жууп, кургатып, анан дагы ысык мезгилде паластарды жууп башташканы качан токтолот?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.