Элдик репортер: Жаңы салынып жаткан мектеп спорт аянтчасы жок калабы?
Новость

Талас облусунун Кара-Буура айылынын тургуну рубрикабызга, жаңы салынып жаткан мектептин аянтчасы жеке колго өтүп, башка имарат салынып жатканын билдирген. Учурда талашка түшкөн жер тилкеге курулуш иштер жүрүп жатат. 

Ал эми, жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрү тарабынан тийиштүү чара колдонулуп, спорт аянтча боло турган жер кайра мектепке өткөрүлүп береби деген үмүттө турушат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.