Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасында мектепти мындан 20 жыл мурун бүтүрүп кеткен бүтүрүчүүлөрдүн демилгеси менен шаарчабыздагы эс алуучу жайдын ичинде балдар ойноочу аянтча куруп беришти. Шаарчабыздын тургундары терең ыраазычылыгын билдиришип жатышат.
Ушундай элди кубанткан самалыктар көп болсун. Ата-энелер балдары менен келишип эс алышып, балдарын ойнотушуп, эс алуучу жайдын ичи шаңга толуп турган учуру дейт,-окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.