Элдик репортер рубрикасына сапатсыз жол оңдоо иштери боюнча маселе көрсөтүлгөн видео жиберилген.
Окурмандын билдирүүсү боюнча, жол оңдоо иштери борбордун Васильев көчөсүндө жүрүп жатат. Канализацияга казылган тарапка, тактап айтканда, жолдун бир четине асфальт төшөп жатышат. Бирок жолдун экинчи бөлүгү деле түз эмес.
Өкмөттүн акчасын жөн гана коротпой, жолдун эки бөлүгүн тең асфальттап же убактылуу токтото турушпайбы деп тургундар нааразычылын билдиришүүдө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.