Элдик репортер: Футбол аянтчасын таарыткан ким?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына сүрөт жиберген окурманыбыз төмөндөгүдөй маселеси менен кайрылган.

Бишкек шаарындагы Патрис-Лумумба көчөсүндөгү Аскер шаарчасында (военный городок) балдар ойноочу футбол аянтчасына белгисиз бирөөлөр контейнер коюп алышты. Жашоочулар тез арада алынышын талап кылышат. Балдар ойнобосун деп талаанын ортосуна баллондорду өрттөп салышты. Жол жок болгондуктан тротуар аркылуу унаалар өтүп жатышат. Сураныч "Элдик репортёрго" чыгарып мэрия аркылуу чечип бериңиздер. Унаа тетиктери сатыла турган контейнер болот окшойт. Кудайбергендин маңдайындагы №83-мектепке балдар араң өтүшөт унааларды тротуарда эле оңдошот. Эми бул жакка чейин келишин каалабайбыз. №83-мектептин айланасын айтып да, жазып да чарчашты элдер мэрия шаардын борбордук бөлүгүн эле карабай бул жакка да көңүл бөлсө жакшы болот эле, эптемей жалгыз талаа болсо балдар кайда ойношот. Кайра оңдолсо жакшы болмок.Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.