Элдик репортер рубрикасына арыз-муңдар гана эмес кубанычтуу кабарлар да келүүдө.
Айта кетсек, Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылынын 2008-жылы мектепти бүтүргөн быйылкы 10 жылдыктар 1-топтогу майып эжеге 3 бөлмөлүү үй куруп беришүүдө.
Эженин азыркы жашап жаткан үйү авариялык абалда. Азыркы убакта үйдүн дубалы тургузулуп, устун жабуу иштери жүрүп жаткандыгын маалымдашты.
"Тез аранын ичинде үйдү бүтүрүп, ачкычын тапшырабыз!"- деген 10 жылдыктар эжени алып келип үйдү көргөзүшүп, батасын алышты.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.