Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө
Новость KTRK/videograp

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитети Ысык-Көлдө орун алган спорттук объектилерди кыдырып, абалы менен таанышып чыкты. Ошондой эле, кошумча аянтчалар да каралууда. Бул жылы көчмөндөр оюнуна спорттун 37 түрү киргизилген. 

POST1RIGHT

Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына спорттун 27 түрү киргизилген болчу. Быйыл дагы 10 оюн кошулду. Алар ат чабыш, улуттук күрөш оюндарынын түрлөрү, интеллектуалдык оюндар, жаа атуу, салбуурун жана башкалар.

Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту калыбына келтирүүчү комплексте кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. 14 мамлекеттен келген делегаттар мелдештин жогорку деңгээлде уюшулганын билдирди. Бул спорт объектиси эл аралык талаптарга шайкеш келет. 3 - Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында 9-майга карата өткөрүлгөн ат оюндары Чолпон-Атадагы ипподромдо бекеринен өткөрүлгөн жок. Ипподромдун абалын текшерүү эле. Мелдештер аяктаган соң адистер оюн талаасына төшөлгөн кумду текшеришти. Анын калыңдыгы 15-20 сантиметрди түзөт. Бул көрсөткүч тиешелүу көрсөткүчтөн ашат.