Кышка камылга эртелеп көрүлө баштады
Новость www

POST1RIGHT

Өкмөт былтыр Бишкек ТЭЦинде түзүлгөн кырдаалдын жыйынтыктарын  эске алып кышка камылганы эртелеп көрө баштады. Өлкөнү жарык жана жылуулук менен сапаттуу камсыз кылуу максатында бир катар ГЭСтер реканструкцияланат жана ири электр чубалгыларын куруу иштери башталып, жергиликтүү көмүрдү пайдалануунун үлүшү жогорулатылат. 

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев жетекчилер жарыкка болгон тарифти кымбаттатууну талап кылардан мурда энергетика системасындагы коррупция менен күрөшүү керектигин билдирди.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"