Элдик репортер: Лейлек районунда сел жүрдү
Новость

Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарынан келген маалыматтары боюнча, 13-майда катуу сел жүрүп, Ак-Суу айыл аймагынын Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп Чимген айылында 2 турак үйдү, Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр бала интернатынын жер төлөсүнө суу каптаган. Жергиликтүү тургундар "Элдик репортер" рубрикасына видео сүрөт жиберген.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.