Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Акталчат көпүрөсүнүн курулуш иштери бүтпөй, айылдын тургундарына кыйынчылык жаратууда. Элге бийлик тарабынан былтыр эле бүтөт деген убада болгон дейт, бизге учурдагы абалды видеого тартып жөнөткөн окурман.
Көпүрөсүз калган Казарман, Ак-Кыя, Куртка, Тоголок Молдо жана Кызыл-Белес айылынын тургундары Ак Талаага айланып барышат. Айрымдары тобокелге салып суу менен өтүп кетүүдө. Анткени 100 сомдук жол кире 350 сомго чейин көтөрүлгөн. Мындай акча ар биринин эле чөнтөгүнө тура келе бербейт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.