"Элдик репортер" рубрикасына Тогуз-Торо районунун тургуну төмөндөгүдөй маселеси менен кайрылган.
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булун айыл аймагындагы 7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби кулап калуу коркунучунда турат. Мектеп 1958-жылы ашар жолу менен курулган.1992-жылы Токтогул районунда болуп өткөн катуу жер титирөөдөн запкы жеп дубалдары 4-5 см ге чейинки жаракалар кеткен. 2008-жылы КРнын ӨКМ ги тарабынан 5 класс жараксыз деп табылып, 2014-жылдын июль айы менен 225 орундуу 58 миллион 800 000 сомдук мектептин курулушу башталган. 4 жылдан бери жылына 4 миллион сом гана каралып келет, бүгүнкү күндө окуу корпусунун 80% бүткөрүлүп турат.
Мектепти куруп жаткан Жалал-Абад СМР 4 курулуш компаниясына кайрылсак 2018 окуу жылына акча каражаты бөлүнгөн эмес деп жооп берүүдө. Мектептин акыбалы оор. Ар бир класста 5-9 см ге чейинки жаракалар кенейип күн чыгыш тарабындагы дубал 5 см ге ооп калды, окуучуларды башка жакка которолу десек айылда жалгыз гана мектеп бар, же клуб же ФАП жок. Бар болсо да алардын имараты авариялык абалда. Окуучулар илгери үмүт менен коркунучта билим алып жатышат. Мектеп имаратынын курулганына быйыл 60 жылдын жүзү болду. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата мектеп толугу менен бүткөрүлүп жалпы окуучуларга кубаныч тартуулайт деген илгерки үмүт менен кайрылып отурабыз!
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.