Элдик репортер: Таштандыга толгон базардын тегереги
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына сүрөт тартып жөнөткөн окурманыбыз, Жалал-Абад шаарындагы “Береке” базарынын четинде жайгашкан таштандылардан келген жыт көңүл айлантат. 

Мэрияга вице-мэрге, айрым жергиликтүү депутаттарга кайрылып айттым, бирок бул базар менчик базар болгонуна байланыштуу, биз эч нерсе кыла албайбыз деп жооп беришти. Шаар жетекчилеринин сөзү өтпөсө анда кимге кайрылса болот. Базардын жанындагы таштанды таштаган жай, анын жанында курулуш, андан дагы өтө кооптуу жагдайлары бар, тосулган эмес. Адам баласынын өмүрү оюнчук болуп калган азыркы жетекчилерге дейт,-кайрылуусунда.Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.