Элдик репортёр: Бишкектеги арыктан суу ашып, жолду каптоодо
Новость KTRK/videograp

Баш калаадагы Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги арыктан суу ашып, автоунаа өткөн жолду каптоодо. Бул тууралуу Элдик репортёрго атын атагысы келбеген окурман жиберди. Анын жазган текстин өзгөртүүсүз беребиз.

"Бишкек шаарынын борбору Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде арыктар бүтөлүп, суу кайсы жака кетерин билбей жатат".