Кара-Балта шаарынын жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, жол эрежесин бузган айдоочуларга нааразы болууда. Элдик репортерго келген билдирүүнүнүн текстин өзгөртүүсүз беребиз:
"Кара-Балта шаарынын борбордук базарынын жанындагы автоунаалар жолдун эки жээгине токтоп алганына байланыштуу жүк ташуучу унааларга тоскоолдук жаратууда. Борбордук жолдон баштап ары жагы мал базарга чейин жайылма базар болуп ишемби, жекшемби күндөрү өтө чоң тыгынды пайда кылат".
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.