Элдик репортер: Көкөйгө тийген таштанды көйгөйү
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Селекция участогунун жашоосу баарыбыздын көйгөйүбүзгө айланган таштанды маселеси боюнча видео жиберген. Видеодогу көчө Селекциядагы Достук көчөсү. Жашоочулар болгон таштандыларын ушул жерге чогултушат да ичинде иттер да, келемиштер да чуркап жүрүшөт. Ал эми кандай жыт чыгаарын айтпасак деле белгилүү болсо керек. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.