Элдик репортер: Айыл чети таштанды талаасына айланууда
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына окурмандардан эң көп келген көйгөй бул таштанды маселеси. Көкөйгө тийген таштандыдан арылбай эле, кайра жылдан-жылга жери кеңейип жаткан аймактардын бири бул  Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылы.  

Айылдын түндүк-чыгыш тарабына топтолгон таштанды талаага айланууда. Анткени бул нерсеге айыл өкмөтүнөн эч кандай көңүл бурулбай, 5-6 жылдан бери улам ээлеген жери көбөйүүдө,- дейт бизге маалымат жөнөткөн окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.