"Элдик репортер" рубрикасына Ноокен районун Достук аймагына караштуу Шамалды-Сай айылынын жашоочусу Ныязалиева Мунара айым мектеп көйгөйү жөнүндө сүрөттөрдү жиберген.
"Тургунбай Анаркулов атындагы орто мектебинин 3- классынын окуучусунун энесимин. Биздин окуучулар мектептин жоктугунан совхоздун квартирасында окуп жатышат балдарыбыз. Эски мектептин бөлмөлөрү тар болгондуктан, үчтөн балдар отурушат. Маданият үйүнүн чечинүүчү жеринде да эки класстын окуучулары үчтөн отуруп окуп жатышат." - деп жазган окурман.
Жаңы мектептин курулуп баштаганына 30 жыл болгондугуна карабастан азыркы убакытка чейин бүтпөй келгендигин да маалымдап,
"Кичине мектеп 260 балага ылайыкташкан эле. Азыр 900 бала үчтөн отуруп, үч смена окушат. Мектептин директору өз үйүнүн бир комнатасын музыка сабагынан ачып берген. Балдарыбыз музыка сабагынан жакшы өтүшпөй, класстын бөлмөлөрү тардыгынан кыйналышат. Спорт залдын жоктугунан жаан жааганда дене-тарбия сабагын класста өтүшөт." - деп кошумчалаган.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.