Элдик репортер: Газды го киргизди, бирок казылган көчөнү ким оңдойт?
Новость

Шаар тургундарын кубандырып, жаз киргенден конуштарга газ киргизиле баштады. Бирок газдан кийин аңтарылган көчөлөр ошол бойдон калып калууда. Казылган көчөдөн өзгөчө жамгырдан кийин басууга кыйын болгон тургундардан кайрылуулар аябай көп. 

Газды го койду, бирок казылган көчөбүздүн жагдайы кандай болот?,- деген суроолоруна жооп издешет. Оңдоо иштерин Газпром өзү колго алабы же мэрия тарабынан жүргүзүлөбү, азырынча белгисиз. Ал эми, бул тартылган видеодо Ала-Тоо конушунун Бакыян көчөсүнүн абалы көрсөтүлгөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.