Элдик репортер: Сокулукта жайыт жерлери мүрзөгө айланууда
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Сокулук районунун Сокулук айылынын тургуну мүрзөлөр бардык жайыт жерлерин мыйзамсыз ээлеп алгандыгы жөнүндө кабарлаган видео, сүрөт материалдарды жиберген. 

Мүрзө айылдын Ленин көчөсүнүн аягында жайгашкан. Арбакты сыйлагандыктын белгисиби же башка адамдарга да алдын-ала орун алып коюшканбы, айтор эки маркумдун сөөгү батчуу жерди бир эле адамга тосушуп, мүрзөлөр жайытка бөлүнгөн 4-5 гектар жерге жайылып кеткен.  

Мал багып жан баккан айыл тургундарына бул маселе орчундуу көйгөй болууда.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.