"Элдик репортер" рубрикасына "Сокулукта жайыт жерлери мүрзөгө айланууда" деген маалымдама чыгарганбыз. Ушул эле окурманыбыз ошол көрүстөрдөрдүн арасында таштанды көп экендигин айтып, шамал болгондо учуп айылга кирип эле тим болбостон жаман жыт чыгып аткандыгы жөнүндө видео жиберген. Мүрзөнүн аймагын эч ким карабайт дагы тазалабайт дагы.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.