АКШда тыйын чычкандар машинанын капотуна балатынын дөмпөктөрүн чогултушкан
Новость www

 АКШнын Гейлорд шаарынын Келлен Мур аттуу  жашоочусу  өзүнүн машинасынын капотунан  23 кг балатынын дөмпөктөрүн таап алган. 

Мырза жумушуна бара жаткан. Бир маалда унаанын капотунан кандайдыр бир дабыш чыкканын сезип, караса бир топ балатынын дөмпөктөрүн көрүп таң калган. Мындан 15 күн мурун эле машинасын жууп, тазалаган Келлен кандайча мындай болгонун түшүнбөй, бир саатка жакын убакыт балатынын дөмпөктөрүн сыртка ташыган. 

Көрсө, аларды тыйын чычкандар ташып,  чогултушкан экен.