“Деңиз симфониясы” деп аталган дүйнөдөгү эң чоң кеме биринчи саякатына чыкты.
Чоң кемени көрүп кадимки суудагы шаарды элестетүүгө болот. Анын узундугу 362 метр, башкача айтканда 50 чакты маршрутка узунунан токтоп тургандай көрүнүштө.
Ал эми бийиктиги 25 кабат үйдү элестетет. Кеменин борбордук бөлүгүндө 12 миң ар түрдүү өсүмдүктөр отургузулуп, анда коноктор сейилдеп же болбосо тамактанууга болот.
Жогорку жагында болсо спорт аянтчасы, бассейн, аквапарк орун алса, астыңкы жагында казино, театр, оюн залдары жайгашкан. Ал эми кечкисин бассейнде муз аянчасында шоу программалар көрсөтүлөт.